Түркияда кыргызстандык кыз кайтыш болду
RU

Түркияда кыргызстандык кыз кайтыш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга кыргызстандык кыз Түркияда каза болгондугу тууралуу маалымат тарады. Мекендештер маркумдун паспортунун сүрөттөрүн мессенжерлердеги топторго таратып, туугандарын таабууга жардам сурашкан.

Маалыматта 24 сааттын ичинде кыздын жакындары табылбаса түрк бийлиги сөөгүн ошол аймакка көмөрү айтылган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргызстандык кыздын каза болгондугу тууралуу маалыматты алган соң өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн дароо өлүкканага барышкан.

Маалым болгондой, маркумдун туугандары (бир тууган агасы жана эжеси) Түркияга барып, алардын чечими менен кыздын сөөгү 23-июлда Түркияда жерге берилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16759