Ошто милиция кызматкери 100 миң сом менен кармалды
RU

Ошто милиция кызматкери 100 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара менен кармалды. ИИМден кабарлашкандай, кызматкер жарандан 100 миң сом талап кылган.

Маалымдалгандай, министрликтин ички иликтөө кызматына К.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал К. аттуу милиция кызматкери мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 100 миң сом талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу РИИБдин милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү 1979-жылы туулган М.А. иш бөлмөсүндө 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген, учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16787