Сабалган бир тууганын ооруканага жеткирген киши да токмоктолду. Милиция эмне дейт?
RU

Сабалган бир тууганын ооруканага жеткирген киши да токмоктолду. Милиция эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылынын тургуну Жолдошбек Муратов Kaktus.media редакциясына кайрылып, бир тууганын талаада сабап кетишкенин, ооруканага алып барганда өзүнө да кол салуу болгонун айтты.

Муратовдун айтымында, Ысык-Ата РИИБнин башчысынын орун басары жана райондун акими ызы-чуу салбоону суранышкан.

Муратов үй-бүлөсү, ата-энеси жана бир тууганы этникалык кыргыздарды мекенине көчүрүү программасы боюнча Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келишкенин айтат.

"Мен Кыргызстанга 2015-жылы келип, медициналык окуу жайды аяктагам жана учурда Кант ооруканасында тез жардам кызматынын фельдшери болуп иштеп жатам", - дейт Муратов.

Ал кошумчалагандай, бир нече ай мурун анын бир тууганы Жолойбек Муратов кошунасы менен уруша кеткен. Кийин ал кошунасы Жолойбекти жана аялын тапанча менен коркута баштаган. Бирок участкалык инспектор тапанча оюнчук болгондуктан милицияга арыз жазуунун кажети жок экенин айткан дейт.

"29-июнь күнү бир тууганым эгин сугаруу үчүн талаага кеткен. Ал жактан ошол эле кошунабыздын агасы бир тууганым менен сугат суу маселесин териштире баштаган. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткен. Бир тууганымдын башына күрөк менен чаап, телефону сынып калган. Бирок ага чейин мага телефон чалганга үлгүргөн", - деди Жолдошбек Муратов.

Ал дароо талаага чуркап барып, бир тууганы жерде жатканын көргөнүн кошумчалады.

"Милицияны чакырдым, бирок алар 2 сааттан ашык убакыт бою келбей коюшту, анан тез жардам чакырдым, ошол маалда биздин участкалык милициянын инспектору жетип келди. Ал биздин сөзүбүздү укпастан, талаанын четине чогулгандарга барды. Алардын арасында кол салгандар да бар болчу", - дейт Жолдошбек.

Натыйжада Жолойбек Муратов Кант ооруканасына жаткырылган.

"Агам өзү кыймылдай албагандыктан, унаадан чыга калып ооруканага чуркап кирдим. Кирерим менен мени эки киши тосуп, алардын бири бетиме урган. Мен өзүмдү коргой баштадым, экинчиси мени каршылык көрсөтө албай калсын деп колумду кармап калды, анан үчүнчү адам капталдан чуркап келип, бетиме бир чапты, мен эсимди жоготуп койдум.

Бир тууганым экөөбүз травматология бөлүмүнө жаткырылганбыз. Эки-үч күндөн кийин милиция келип, арыз жаздык. Бир канча убакыт өткөндөн кийин биз экспертизадан өттүк, корутундуда жеңил жаракат алган деп көрсөтүлгөн. Бирок биз булга макул эмеспиз", - деди Жолдошбек.

Ал ошондой эле Ысык-Ата РИИБнин жетекчилеринин бири жана ошол эле райондун акиминин орун басары келип, тосмо арыз жазууну, ызы-чуу чыгарбоону суранышып, кошуналар урушпашы керектигин айтышканын кошумчалады.

Милиция эмне дейт?

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 29-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кант аймактык ооруканасында жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу болжол менен саат 07:00дө эгинди сугарып жатканда 1994-жылы туулган М.Ж. менен 1966-жылы туулган Ш.М. аттуу кошуналар жаңжалдаша кетип, натыйжада экөө тең Кант аймактык ооруканасына жеткирилгени такталган.

Аймактык ооруканада Ш.Мнын балдары (1994-жылы туулган жана 1997-жылы туулган) М.Жны эч себепсиз сабап салышкан.

26-июлда Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуянын бардык катышуучулары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилип, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16788