Бутун өптүргөн "принцтин" окуясы. Кылмыш иши башка беренеге алмашты
RU

Бутун өптүргөн "принцтин" окуясы. Кылмыш иши башка беренеге алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ жарандарды окуянын видеолорун жана катышуучуларынын улуту тууралуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, "кылмыштын бардык субъекттери кыргыз улутундагы адамдар".

Буга чейин социалдык тармактарга жигит бутун өптүрүп, өзүн "принц" деп атоого мажбурлаган видео тараган. Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Ч.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноо" беренеси боюнча кайра квалификацияланган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16791