Бишкекте ипотекалык үйлөр күзүндө пайдаланууга бериле баштайт
RU

Бишкекте ипотекалык үйлөр күзүндө пайдаланууга бериле баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексиндеги үйлөр күз айларында колдонууга бериле баштайт. Бул туурасында "Мамлекеттик ипотекалык компаниядан" кабарлашты.

Ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев курулуш иштеринен кабар алып, анда үйлөрдү куруп жаткан "Кыргызстройсервис" мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов күз айларында колдонууга бериле турган батирлердин ички ремонт иштери менен тааныштырды.

"Мурас" турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш 3 этап менен жүрүп, былтыр жазында биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу башталган. Бул үйлөр ушул жылдын IV кварталында пайдаланууга берилет. Ал эми курулуштун экинчи этабы ушул жылдын май айында башталды.

"Мурас" комплекси көп функционалдуу болгондуктан көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдөн сырткары мектеп, бала бакча, комплекстин ичинде спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, дарыкана, соода дүкөндөрү болот. Андан сырткары турак жай комплекстин автономдуу от казанын куруу иштери да башталганы маалым болду.

"Мурас" комплексинде көп кабат үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Бул технология курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору деп эсептелет.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12659 батирдин курулушу жүрүп жатат. "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16351 батирдин курулушу башталат. Жалпысынан "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында 30 миңдей батирдин курулушу пландалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16803