Өлкөдө телефондорду каттатуунун мөөнөтү узартылды
RU

Өлкөдө телефондорду каттатуунун мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда телефондорду милдеттүү каттатуу 15-августка чейин жылдырылды. Бул туурасында УКМКдан маалымдап, жарандардын кызыкчылыгы эске алынганын билдиршти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 25-июнга чейин алынып келген тастыктоочу документтери жок телефондорду каттоо кийинкиге жылдырылды. Тагыраагы, 15-августка чейин каттоодон өтпөгөн уюлдук опператорлордун абоненттеринин аппараттары өчүрүлбөйт.

"Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында аппараттарды каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, Министрлер кабинети жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, телефон алдамчылыгын жана уурдоо фактыларын жоюу максатында 25-июндан тарта уюлдук телефондорду каттоо системасын ишке киргизген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: SeongJoon Cho/Bloomberg via Getty Images.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16804