Таласта прокурордун жардамчысы ишкерден акча талап кылганга шектелди
RU

Таласта прокурордун жардамчысы ишкерден акча талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК менен Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.

Комитеттен билдиришкендей, Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом акча талап кылган.

Мындан улам 25-июлда Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы 90 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен иш бөлмөсүндө кармалды дешет комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16806