Олимпиада-2024. Денис Петрашов жарым финалда 14-орунду ээледи
RU

Олимпиада-2024. Денис Петрашов жарым финалда 14-орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында 14-орунду ээледи. 30-июлдан 31-июлга караган түнү 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдеш өтүп, ага жалпысынан 25 спортчу катышты.

Белгилесек, 200 метр аралыкка сүзүү боюнча жарышта Петрашов 16-орунга ээ болуп, 2 мүнөт 10,99 секунд жыйынтыгы менен жарым финалга чыга алган.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу көрсөткүчүн жакшыртып (2 мүнөт 10,19 секунд) 7-орунду ээледи.

Жарым финалдык эки жарыштын жыйынтыгы менен Петрашов 14-орунду ээледи, бирок финалга чыга алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16819