Абитуриенттерди окуу жайга өткөрүү үчүн акча алганга шектүү кармалды
RU

Абитуриенттерди окуу жайга өткөрүү үчүн акча алганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, шектүү абитуриенттерди окууга жайга өткөрүү үчүн акча алган.

"Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 29-июлунда 84 миң сом алуу учурунда кыргыз жараны С.Ч.Ч.кармалды. Аталган акча каражаттары абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине "ийгиликтүү кабыл алуу" үчүн арналган дешет комитеттен.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16821