Вебкам студия уюштурууга мыйзам чегинде тыюу салынды
RU

Вебкам студия уюштурууга мыйзам чегинде тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурууга тыюу салган мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:

  • сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөө;
  • сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө.

Белгилесек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган. Анда:

  • түз эфир аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу, пропагандалоо - 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
  • ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалганда - мүлкүн конфискациялоо менен 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
  • ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу жамааттын курамында жасалганда - мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
  • балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар - мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
  • акчалай пайда же башка материалдык компенсация алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун канааттандырууга багытталган түз эфирге катышып, интимдик оозеки мамиле кылган жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып салуу жазасы каралган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: webcam-studios.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16822