Кыргызстандагы ички каттамдарды жаңы учактар тейлейт. Баасы кандай болот?
RU

Кыргызстандагы ички каттамдарды жаңы учактар тейлейт. Баасы кандай болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл сентябрь айынын аягынан тарта "Манас" аэропорту сатып алган жаңы учактар Ош, Баткен жана Жалал-Абадка учуп баштайт. Аба каттамдар үзгүлтүксүз болуп, билеттер арзандай турганын "Манас" эл аралык аэропортунун директору Манасбек Самидинов маалымат жыйында билдирди.

"Азыр Tezjet компаниясынын бир учагы каттамга чыгып, бирөөсү оңдолуп жатат. Бул жеке компания болгондуктан "Манас" аэропорту дагы, Жарандык аваиация да баасына кийлигише албайт. Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, мамлекеттик "Асман эйр" компаниясы ачылган. Бул компания аркылуу билеттерди арзаныраак кылып, элге жеткиликтүү кылганга шарт түзөбүз. Азыркыдай баа болбойт.

Бирок билеттин баалар дароо эле арзан кылып салбайбыз. Себеби жаңы учактар буга чейин Кыргызстанда учкан эмес, андыктан биз чет өлкөдөн учкучтарды тартып жатабыз. Алардын айлыгы кымбат болгондуктан чыгым көбүрөөк кетет", - деди ал.

Манасбек Самидинов кошумчалагандай, азыркы тапта учкучтарды окутуу жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16824