Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча чогултканга шектелүүдө
RU

Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча чогултканга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (Ош шаары) гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканын кармады. Комитеттин маалыматына караганда, декан мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылганга шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, буга чейин "Опузалап пара талап кылуу" менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д. уулу Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы У.И.С. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, эки суткага камакка алынды.

УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу кабар берүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16827