Ишкерден акча талап кылган деген шек менен эки милиция кармалды
RU

Ишкерден акча талап кылган деген шек менен эки милиция кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда эки милиция кызматкери кармалды. Алар опузалап пара алууга шектелип жатканын УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Кабарлангандай, 30-июлда ИИМдин Балыкчы шаарындагы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кызматтык бөлмөдө 83 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды.

"Алар Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо органдарындагы абийирсиз кызматкерлерди аныктоо, коррупцияга бөгөт коюу боюнча иштер уланарын белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16830