Олимпиада-2024: Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты
RU

Олимпиада-2024: Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында чейрек финалга чыкты.

Мушкер 57 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттеште кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рейди жеңди.

Үч раунддан турган 3 мүнөттүк беттештин жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга беришти.

Мунарбек Сейитбек уулу эми чейрек финалга чыгат, анда анын атаандашы америкалык Жамал Харви болот. 1/4 финалдык беттеш 3-августтан 4-августка караган түнү өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16831