Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды
RU

Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерллери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Комитеттин маалыматына ылайык, кармалган жаран Баткен райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

"Интерполдун Улуттук Борбордук бюросунун маалыматына ылайык, 1992-жылы туулган С.И.И. шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген. Натыйжада Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бюджетине 12 миллиарддан ашуун өзбек сум (955 миң долларына жакын) зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык издөөгө алынган жаран 26-июлда кармалган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16846