Олимпиада-2024: Эртең Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат
RU

Олимпиада-2024: Эртең Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 5-августта Олимпиада оюндарында эки кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында беттешет.

Беттеш 19:00до башталат. Жалпы Кыргызстандын атынан 10 балбан өлкө намысын коргойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16857