Баткенде бала бакчанын директоруна кылмыш иши козголду
RU

Баткенде бала бакчанын директоруна кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарындагы "Өрүкзар" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директоруна карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Аталган билим берүү мекемесинин директору И.С.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" деген шек менен кылмыш иши козголду дешет комитеттен.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен шаарындагы "Өрүкзар" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору И.С. 2021-жылдан 2023-жылга чейин мекеменин кызматкеринин эмгек акысын туруктуу негизде өздөштүрүп, анын жалпы суммасы 387 миң сомго жакын экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча башка иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16867