Нарында курулушта иштеген жумушчуга арматура кирип кеткен
RU

Нарында курулушта иштеген жумушчуга арматура кирип кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда курулушта иштеген 16 жаштагы өспүрүм жаракат алып ооруканага түшкөн. Нарын облустук бириктирилген оруканасынан кабарлашкандай, жумушчунун жамбаш сөөгүнө арматура кирип кеткен.

Маалыматка караганда, 23-июлда ооруканага 16 жаштагы өспүрүм түшкөн. Ал экинчи кабаттан кулап кетип, денесине 18 сантиметр арматура кирип кеткен.

"Жабырлануучу облустук ооруканага өтө оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери операция жасады. Арматура кан-тамырларды үзүп кетиптир. Темир жамбаш сөөккө такалып калыптыр. Сейрек кездешүүчү операция жасалды. Операция болгонуна 10 күн болдуп калды. Учурда абалы жакшы, үйүнө чыгарылды", - деди оорукананын дарыгери Жоомарт Абдыкасымов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16869