Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
RU

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Кыргызстанга өткөрүү тууралуу буга чейин бир эмес, бир нече жолу айтканбыз, талкуулар болгон. Негизи казак тарап эстафетаны бизге өткөрүп берүүгө даяр", - дедм маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу брифингде.

Белгилесек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16870