Баракелде! Мээрим Жуманазарова сенсация менен финалга чыкты
RU

Баракелде! Мээрим Жуманазарова сенсация менен финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта нигериялык балбан кыз Блессинг Обородудуну жеңип, финалга чыкты. Бул Кыргызстандын капчыгында медаль бар дегенди билдирет. Эң кеминде күмүш.

Эске салсак, буга чейин 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков япониялык балбанга жеңилип, финалга чыкпай калган.

Бүгүн, Бишкек сааты боюнча 15:00дө килем үстүнө Акжол Махмудов менен Узүр Жузупбеков чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16878