УКМК "Салимбай байбача" атыккан өзбекстандык ишкерге издөө жарыялады
RU

УКМК "Салимбай байбача" атыккан өзбекстандык ишкерге издөө жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык ишкер Абдувалиев Салим Кыргызбаевичке издөө жарыялады. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Комитет кримавторитет К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстандын ири ишкерлеринин бири - Салим Абдувалиев (каймана аты "Салимбай байбача", криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери) тарабынан каржылоо фактылары аныкталды дешет.

"С.Абдувалиев Өзбекстандын аймагында кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип, баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп, "мыйзамдагы ууру" К.Көлбаев менен байланыш түзгөн.

Ал Кыргыз Республикасынын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү боюнча өзүнүн жеке максаттарын көздөп, К.Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун ишмердигин ар тараптуу колдогон жана системалуу негизде каржылаган.

Алардын жакын мамилесин Өзбекстандын аймагында уюштурулган салтанаттарга жана башка иш-чараларга бир нече жолу барганы тууралуу маалыматтар далил боло алат", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде С.Абдулаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Мындан тышкары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Ташкенттин Мирабад райондук соту "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанылган Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиевди алты жылга соттогон. Ал "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16885