Баткенде алтын рудасын мыйзамсыз ташыганга шектелип 4 адам кармалды
RU

Баткенде алтын рудасын мыйзамсыз ташыганга шектелип 4 адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Ничкесу" кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар адамдар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Мамлкеттик комитеттен билдиришкендей, жеке жарандар ушул жылдын апрелинен тартып июль айынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын өзгөчө менчиги болуп саналган жер казынасына кол салган.

"Алар уруксат берүүчү лицензиясы жок туруп, андан ары кол өнөрчүлүк ыкмасы менен иштетүү максатында алтын кендерин өзгөчө ири өлчөмдө жашыруун тартып алышкандыгы такталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Баткен райондук сотунун чечими менен 29-июлда мыйзамсыз алтын казууга шектелген 4 кыргыз жараны кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16894