Эмгек министрлиги 2-сентябрь иш күнү экенин эске салды
RU

Эмгек министрлиги 2-сентябрь иш күнү экенин эске салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул жылдын 2-сентябрында (дүйшөмбү) жумуш күнү болорун эскертет.

Белгилесек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү быйыл ишемби күнгө туш келет. 2024-жылдын өндүрүш календарына ылайык, майрам күнү дем алыш күнгө туш келсе иш күнүнө котрулат.

Бирок Министрлер кабинетинин буга чейинки токтому менен 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрү белгиленип, 2-сентябрдагы дем алыш күн 2024-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө жылдырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16895