"Чексиз сыймыктанабыз!". Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады
RU

"Чексиз сыймыктанабыз!". Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

"Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу - чоң ийгилик. Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды", - деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы спортчулардын өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова мамлекет башчыга жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16903