УКМК Атамбаевдин мурдагы жансакчысын кармады
RU

УКМК Атамбаевдин мурдагы жансакчысын кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Бишкектен кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-августта Бишкектин Гоголь көчөсүндө УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 2004-жылы адам өлтүрүү беренеси менен соттолуп, 2005-жылы акталган Эркин Мамбеталиевди кармашты (сот ишти кайра карап чыккан).

Өздүк булактардын айтымында, Мамбеталиев камактан чыккандан кийин Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон деп шектелүүдө.

*****

Эркин Мамбеталиев 2003-жылга чейин Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон, бирок расмий кызматта иштеген эмес. Ошентсе да "серый кардинал" деп эсептелген.

Мамбеталиев 2006-жылы экинчи жолу кармалган. 2008-жылы Жогорку Сот Мамбеталиевди бир нече адамды (милициянын полковниги Чыныбек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев, Хаважи Заурбеков, "Рахат" пансионатынын жетекчиси Бахрула Бурханов, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Нурлан Бердикеев жана Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеев) өлтүрүүгө катышкан деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Мамбеталиевдин иши кайра каралып, өмүр бою эркинен ажыратуу бүтүмү 15 жылга камакка алынсын деп өзгөртүлгөн. Андан кийин мунапыска илинип, эркиндикке чыккан.

Ал 2022-жылы Кыргызстандын хоккей федерациясынын аткаруу комитетине шайланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16915