Бишкекте 18 жашка чейинки балдар билим алган медресе мыйзамсыз иштегени аныкталды
RU

Бишкекте 18 жашка чейинки балдар билим алган медресе мыйзамсыз иштегени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды. УКМКнын маалыматына ылайык, диний мекеме мечиттин имаратында жайгашкан.

Биринчи Май районуна караштуу Тоголок-Молдо көчөсү, 284 дарегиндеги мечиттин имаратындагы медресенин ишмердүүлүгүн ведомстволор аралык комиссия текшерүүгө алган.

Диний мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки балдар таалим алып жатышканы аныкталган. Ошондой эле аталган диний мекеменин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экени, дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузгандыгы такталды.

Учурда медресенин иши токтотулуп, балдар ата-энелерине өткөрүлдү. Ал эми мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштургандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16932