Тарых жаратты! Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль утту
RU

Тарых жаратты! Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалында өзбекстандык атаандашы Абдумалик Халоковго утулуп, күмүш байгенин ээси болду.

Мунарбек буга чейин кубалык жана америкалык, болгариялык балбандарды ишенимдүү уткан.

Ошентип Олимпиадага барган кыргыз курамасынын куржунунда 6 медаль топтолду - 2 күмүш, 4 коло.

Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Ал бокс тарыхын бул менен эле жазбай, Олимпиаданын финалына чейин жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16944