Казак ишкери Көлбаев менен байланыш түзгөн деп издөөдөгө алынды
RU

Казак ишкери Көлбаев менен байланыш түзгөн деп издөөдөгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда казак ишкери Таиров Ясынжан Ниязовичке эл аралык издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлап, казак ишкери маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганга шектелип жатканын билдирди.

Мамкомитеттен Ясынжан Таиров К.Көлбаевдин мыйзамсыз аракеттерин билип туруп, колдоо алуу максатында Кыргызстандын аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзүп, 200 миң доллар бергени аныкталган дешти.

"Симирам" эс алуу борборунун ээси Таиров уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган. Мындан тышкары маалыматтарга караганда, Я.Таиров К.Көлбаевге ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруусун көрсөтүп, кымбат баалуу белектерди берип турган", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан кошумчалагандай, Таиров менен Көлбаевдин жолугушуулары Чолпон-Ата шаарындагы "Барс" комплексинин аймагында өткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Я.Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды дешти УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16950