Бишкек-Ош жолунда автокырсыктан 6 адамдын өмүрү кыйылды
RU

Бишкек-Ош жолунда автокырсыктан 6 адамдын өмүрү кыйылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолунун 487-чакырымында Шамалды-Сай шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, бир нече адам каза тапты. Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя 11-августта болжол менен саат 04:45 чамасында катталганын ырастады.

1983-жылы туулган жарандын башкаруусундагы SsangYong Korando үлгүсүндөгү унаасы Бишкектен Ошту көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Renault Premium унаасын сүзгөн.

"Кырсыктын кесепетинен жеринде 5 адам каза болуп, 1 жаран Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумду", - дешет башкармалыктан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16951