Call-борбор: Көлмө конушунда таштандылар апта бою тазаланбай, каңылжарды жарат
Kaktus.kg редакциясынын Call-борборуна Бишкектин Көлмө конушунун тургуну кайрылып, таштандылар убагында тазаланбай, жыты каңылжарды жарып жатат дейт. "Тазалык" мекемесинин ишине нааразы болгон тургундун айтымында, таштандылар 2-3 аптага чейин тазаланбай туруп калат.
Жарандын даттануусу боюнча "Тазалык" муниципалдык мекемеси комментарий берди. Ишканадан белгилешкендей, аталган конушта таштандылар күндө тазаланат.
"Көлмө конушунда таштандыларды тазалоо иштери күндө жүргүзүлөт. Бирок жашоочулар өздөрү тазалыкты сакташпайт. Ишемби күнү (10-август) эле таштандылар чыгарылып, аймакты жуу иштери жүргүзүлгөн. Жекшемби күнү дагы тазаланган. Дүйшөмбү күнү кайра эле ошондой көрүнүш болуп жатат", - дешти.
Мекемеден ишемби күнү таштандылар төгүлчү челектер менен аймакты жууп, тазалоо ишетриндеги видеолор менен да бөлүштү.