УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Акжол уулу Адыл кармалды
RU

УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Акжол уулу Адыл кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун экс-орун басары Акжол уулу Адыл кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдирди. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан да тастыкташты.

Белгилүү болгондой, райондук соттун 5-августтагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" беренеси боюнча айыпталган А. уулу А. 2024-жылдын 4-октябрына чейин камакка алынды, - деп билдиришти соттон.

Белгилей кетсек, Акжол уулу Адыл эркин журналист, блогер жана ютубер. Анын YouTube каналында дээрлик 800 миң катталуучусу бар.

Ал 2020-жылы УКМК тарабынан кармалган.

ЭлТРдин башкы директорунун орун басары болуп 1,5 жыл иштеген. Өткөн жылдын июль айында ал УТРКга ушундай эле кызматка келген, бирок мамлекеттик телекорпорациядан качан кеткени белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16965