Асел Ногойбаевага чет өлкөдө операция жасалат
RU

Асел Ногойбаевага чет өлкөдө операция жасалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кулак, мурду кесилген Асел Ногойбаевага сентябрда пластикалык операция жасалат. Бул туурасында Ногойбаева Kaktus.kg редакциясына ырастап, төмөнкүдөй маалымат берди.

"Ысык-Көлдө биринчи айым Айгүл Жапарованын жана жергиликтүү, ошондой эле түркиялык, россиялык дарыгерлердин катышуусунда консилиум өттү. Жыйында дарыгерлер биринчи этаптагы операция тууралуу маалымат беришип, соңунда операцияны россиялык адистер жасай турган болду. Тагыраагы, биз ушундай тандоо жасадык. Операция сентябрь айына белгиленди, күнү дагы такталат", - деди Ногойбаева.

Маалым болгондой, Ысык-Көлгө Россиянын, Түркиянын адистери эл аралык конгресстин алкагында келишкен. Чет элдик дарыгерлер элчилик аркылуу Айгүл Жапаровага байланышка чыгып, Ногойбаеванын операциясына жардам кылуу сунушун айтышкан.

"Биринчи айым буга чейин деле кабар алып турчу. Өткөн аптада жардамчысы байланышка чыгып, жогорудагыдай сунуш түшкөнүн айтты. Мен да макул болуп, көлгө барып консилиум өткөрдүк", - деп кошумчалады Асел.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16983