KICB Citibankta AKШ долларындагы төлөмдөр үчүн корреспонденттик эсеп ачкандыгын билдирет
RU

KICB Citibankta AKШ долларындагы төлөмдөр үчүн корреспонденттик эсеп ачкандыгын билдирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
"Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" (KICB) өз кардарларына Citibank менен корреспонденттик мамилелер жөнгө салынгандыгы тууралуу маалымдайт. Бул шарт, Банкка жана анын кардарларына кызмат көрсөтүүлөр рыногуна түздөн-түз аралашып, АКШ долларында төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

"Citibank корреспонденттик мамилелерди жөнгө салуу үчүн өнөктөш банк катары Кыргыз Республикасында иштеп жаткан дал ушул KICB банкын тандагындыгы биз үчүн өтө сыймыктуу. Демек, биздин ишенимдүү кардарларыбыз Citiнин кеңири тараган түйүнү аркылуу глобалдуу рынокто SWIFT төлөмдөрүн жүзөгө ашыруунун алда канча кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугуна биз кубанычтабыз", - деп белгилейт KICB Банк Башкармасынын төрагасы Ариф Али мырза.

Citi жөнүндө

Citi башка өлкөлөрдүн рынокторунда бүтүмдөргө келишип, иш алып барган финансылык институттар үчүн алдынкы банктык өнөктөш, активдерди тескөө жагында таасирдүү дүйнөлүк лидер жана АКШнын ички рыногунда татыктуу абройго ээ жеке банк болуп саналат. Учурда Citi 180ге жакын өлкөдө жана юрисдикцияларда бизнес жүргүзүү аркылуу өкмөттөрдү кошо алганда, компанияларга, инвесторлорго, уюмдарга жана жеке адамдарга финансылык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун ишенимдүү сунуштап келет.

Бул боюнча толук маалыматты интернет түйүнү жана социалдык тармактардан: www.citigroup.com | X: @Citi | LinkedIn: www.linkedin.com/company/citi | YouTube: www.youtube.com/citi | Facebook: www.facebook.com/citi даректери боюнча алууга болот.

KICB жөнүндө

KICB Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Экономикалык өнүгүү фонду (AKFED), Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Европа Реконструкциялоо жана Өнүгүү банкы (EBRD), Инвестициялар жана өнүгүү боюнча Немец Корпорациясы (DEG) сыяктуу эл аралык финансылык уюмдар тарабынан 2001-жылы түзүлгөн. Учурда AKFED Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен биргеликте негизги акционер болуп саналат.

Банк тууралуу кошумча маалыматты интернеттен: www.kicb.net дареги боюнча алууга болот.

КРУБ лицензиясы 046.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17000