Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
RU

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-августта "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Жукеев - Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктагандыгын билдирди. Бул тилке азыр унаа кыймылы үчүн ачык.

Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер уланууда жана август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Жукеев -Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо уланууда.

Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17042