Ысык-Көл районунун Кашат айылында үч күндөн бери сел басылбай жатат
RU

Ысык-Көл районунун Кашат айылында үч күндөн бери сел басылбай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Какtus.media call борборуна Ысык-Көл районунун Кашат айылынын тургундары кайрылышты. Алардын айтымында, ал жерде үч күндөн бери сел жүрүп жатат. Алар айылды суу каптап жатканы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келе электигин айтышууда.

"Үч күндөн бери Кашат айылында сел жүрүп, үйлөрдү кайра-кайра каптап кетүү коркунучу бар, бирок ӨКМден жардам келе элек. Биз кимге кайрылаарыбызды да билбей калдык", - дешет алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17052