Дарыгерге кол салган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Дарыгерге кол салган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгерге кол салган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Дарыгерге кол салган кыз кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн, 21-августта Ысык-Ата районунун тергөө органдары тарабынан дарыгерге кол салууга шектелген жаран кармалды. Окуя саат 04:00 чамасында Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө болгон. Шектүү И.Ж реаниматологго негизсиз кол салып, анын денесине залал келтирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Кармалган 2003-жылы туулган И.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17053