Түркияда жабыркаган кыргызстандык тик учактын учкучтарынын үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди
RU

Түркияда жабыркаган кыргызстандык тик учактын учкучтарынын үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда өрттү өчүрүү учурунда жабыркаган тик учактын учкучтарынын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Төлөмдөр боюнча чечим Ми-8МТВ-1 тик учагынын кыйроосун иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Тик учактын кулашы адам өлүмү менен коштолгон жана оор натыйжаларга алып келген.

Эскерте кетсек, кыргызстандык - "Транс Караван Кейгс" ЖЧКсынын кызматкерлери өрттү өчүрүүгө катышып, Измирге жакын жердеги Мендерес аймагында кырсыкка кабылышкан. Кыргызстандын үч жаранынын экөөсү каза болгон.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 5 102 246 сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул түрүндө кенемте төлөнүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17054