Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү белгилүү болду
RU

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 362 миллион долларды түздү.

Белгилүү болгондой, тышкы карыздын жаплы суммасы 4 миллиард 501,8 миллион доллар болсо, ички карыз 1 миллиард 860,14 миллион доллар.

2023-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу тышкы карыз 150,8 миллион долларга азайып, ички карыз тескерисинче 232,3 миллион долларга көбөйгөн.

Жалпысынан мамлекеттик карыз 81,4 млн долларга көбөйдү, ички карыздын олуттуу бөлүгүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча насыялар түздү. Ал – 1 млрд 838,27 млн ​​доллар (99,1%). Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – 1 млрд 660,64 доллар (36,9%).

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан мамлекеттик карыз боюнча 31 миллиард 77,4 миллион сом же 361,7 миллион доллар төлөгөн.

Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөр өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 8,9 млрд сомго же 40,2%га өскөн.

Тышкы карызды төлөөгө 20,3 миллиард сом (237,2 миллион доллар), ички карызды төлөөгө 10,6 миллиард сом (124,5 миллион доллар) жумшалды.

2023-жылга карата Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстан тышкы карыз боюнча төлөмдөргө 53 миллиард 75 миллион сом бөлгөн. Анын ичинен тышкы карызды төлөөгө 31 миллиард 565,6 миллион сом, ички карызды төлөөгө 21 миллиард 509,4 миллион сом жумшалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17059