Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди
RU

Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-августта, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, эл өкүлүн тергөөчү телефон аркылуу эле суракка чакырган.

Эске салсак, 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы "Ыйман" фондунун ишмердигин текшерүүнү баштаган. Анда "Ыйман" фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөнү айтылат. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылып, бул Кыргызстандын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамына каршы келери да белгиленген.

Кадырбеков 2015-2019-жылдары "Ыйман" фондун жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17062