Мектепке камданабыз: мыкты окуу үчүн Ozon`до 10-топ товар
RU

Мектепке камданабыз: мыкты окуу үчүн Ozon`до 10-топ товар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жай мезгили да аяктап баратат, демек, окуу жылынын башталышына аз гана убакыт калды. Маркетплейстердин өнүгүшү менен, мектепке кам көрүү абдан жеңилдеди: эми ондогон ар кандай дүкөндөрдү кыдырып, көп убакыт коротуунун кажети жок. Мисалы, Ozon"до керектүүнүн бардыгын таап, арзан баада сапаттуу товарды тандап алып, өзүңүзгө ыңгайлуу жол менен алдыртып алуу өтө жеңил. Окуу жылынын башында окуучуларга керектүү боло турган буюмдардын чакан тимесин түзүп чыктык.

Биринчи кезекте кийим-кечени жаңылап алуу жөнүндө ойлонуш керек. Ар бир окуу жайда окуучулардын сырткы келбетине карата өз талаптары бар. Кээ бир жерде баары бирдиктүү форманы кийсе, башка жерде кийимге жалпы талаптар гана коюлган, ал эми айрым окуу жайлары кийим тандоодо кандайдыр бир эркиндикти берип койгон. Маркетплейсте көлөмү, түсү, категориясы, баасы, жеткирүү мөөнөтү жана бренд боюнча фильтрлерди тууралап алып, керектүү нерселердин бардыгын тандап алуу оңой. Бирок, окуу үчүн кийим-кече жана бут кийимден тышкары, дагы көп ар кандай майда-чүйдө нерселер талап кылынат. Биз окуучулар үчүн керектүү товарлардын тизмесин түзүп чыктык, бул тизме менен сиз эч нерсени унутта калтырбайсыз.

1.Рюкзак. Ozon"до биринчи жолу мектепке барып жаткандар үчүн да, өспүрүмдөр үчүн да ар кандай варианттар бар. Баланын омурткасына түшчү жүктү тең бөлүштүрүү үчүн аркасы катуу жана көтөргүчү кеңири болгон ортопедиялык вариантты тандаганыңыз жакшы болот. Маркетплейсте ар кандай моделдерди таба аласыз: гаджеттер жана дагы бир бут кийим үчүн атайын чөнтөкчөсү, караңгыда жанып турган сүрөтү бар же жамгырда кошумча коргоону камсыз кылган рюкзакты тандаңыз.

2.Кеңсе товарлары. Дептерлер, калемдер, карандаштар, сызгычтар жана циркулдар, ошондой эле чыгармачылык үчүн ар түрдүү товарлар – ар бир окуучуга керектүү нерселердин бардыгын Ozon"дон оңой эле табууга болот. Дизайндар өтө көп, ошондуктан ар бир бала өз табитине жараша товарларды тандай алат.

3. Экинчи бут кийим үчүн баштык. Көптөгөн окуучулар бул баштыкты зарыл болгону үчүн гана эмес, ошондой эле саркеч аксессуар катары да көтөрүп жүрүшөт. Маркетплейсте сизди күн сайын кубандырып турчу каалаган түстөгү ыңгайлуу моделди тандай аласыз.

4. Пенал – дагы бир аксессуар, ансыз бардык кеңсе буюмдарын бир жерде сактоо кыйын болот. Классикалык же сүрөтү жок, жумшак, трансформер, аккумулятор жана сырсөз менен иштеген, көп чөнтөкчөлөрү бар, же жөн эле тунук - мунун баары баланын жеке табитине жараша болот.

5. Мектеп күндөлүгү. Бардык жерде санариптештирүү жүрүп жатканына карабастан, кагаз күндөлүгү дагы эле ар бир окуучуга керек. Ozon"до классикалык ак күндөлүктөрдү да, мукабасында сүйүктүү каармандар тартылган адаттан тыш варианттарды да таба аласыз.

6. Окуу китептери үчүн тирөөч. Дагы бир керектүү жардамчы, айрыкча эми гана мектептин босогосун аттаган окуучуларга керек. Тирөөчтү колдонгон бала түз отуруп, кунт коюп окуйт, ошондой эле ал столдо аз эле жерди ээлейт.

7. Китеп үчүн мукабалар. Дептерлерди жана окуу китептерин кирдетпей, таза жана тыкан кармоого жардам бере турган пайдалуу буюм. Эгерде акчаны үнөмдөгүңүз келсе, анда мукабалардын топтомун сатып алсаңыз болот, ошондо бир даанасы үчүн баа да төмөн чыгат.

8. Ланчбокс. Мектепте тамак берилсе да, бала шам-шум этип алыш үчүн дагы бир нерселерди үйдөн алып кеткиси келет. Тамакты стилдүү жана ыңгайлуу ланчбоксто салып жүргөнгө эмне жетсин! Бүгүнкү күндө дизайны жана функционалдуулугу боюнча ар кандай варианттар бар.

9. Суу үчүн бөтөлкө. Адатта көп жолу колдонула турган бөтөлкөлөр чийилбей тургандай, түшүп кетсе сынбаган, бышык жана коопсуз материалдардан жасалат. Кенже класста окуган балага мындай бөтөлкө өтө зарыл буюм болсо, жогорку класстарда окуган өспүрүм үчүн бөтөлкө функционалдык аксессуарга айланат. Ошол эле учурда бөтөлкөнүн формасы жана дизайны өспүрүмдүн бейнесин толуктай тургандай кылып тандалат.

10. Мугалим үчүн белек. Окуу жылынын башталышы – бул дайыма чоң майрам. Бул күнү гүлдестелерди берүү салтка айланып калганы менен, жакшы көргөн мугалимди кубандыруу үчүн мисалы, тандалган чайды, таттуу кутучаны же оригиналдуу калемди тартууласаңыз болот.

Көбүнчө кийим-кече, кеңсе жана башка мектеп аксессуарларынан тышкары, дептерлерди, атластарды жана башка окуу куралдарын сатып алыш керек болот. Мунун баарын маркетплейстен табууга болот, бул тизме боюнча баарына бир буйрутма берип, бир жерден алып кете аласыз. Мындан тышкары Ozon"до "Мектеп сезону" деген акция өтүп жатат, ал убакытты гана эмес, акчаны да үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Окуу жылын толук даярдыкта тосуп алуу үчүн азыр эле Ozon"го баш багыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17063