Нуржигит Кадырбеков: Тергөө жүрүп жатканда сурак боюнча маалымат айта албайм
RU

Нуржигит Кадырбеков: Тергөө жүрүп жатканда сурак боюнча маалымат айта албайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-августта, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакыртылган.

Ал УКМКнын имаратынан 17:55те чыкты. Депутат күбө катары чакыртылганын айтып, тергөө жүрүп жаткан убакта сурак тууралуу деталдуу маалымат бере албай турганын кошумчалады.

"Мыйзам боюнча тергөө жүрүп жатканда сурак тууралуу маалымат бергенге болбойт экен. Ошондуктан мен ал документке кол коюп чыктым. Андыктан, азырынча эч нерсе деп айта албайм", - деди депутат.

Эске салсак, 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы "Ыйман" фондунун ишмердигин текшерүүнү баштаган. Анда "Ыйман" фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөнү айтылат. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылып, бул Кыргызстандын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамына каршы келери да белгиленген.

Кадырбеков 2015-2019-жылдары "Ыйман" фондун жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17066