Паралимпиада оюндарынын отунун факелин актёр Жеки Чан алып барат
RU

Паралимпиада оюндарынын отунун факелин актёр Жеки Чан алып барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылы Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарынын отунун эстафетасында факелди актёр Жеки Чан алып барат.

Паралимпиаданын ачылыш аземи шаршемби күнү, 28-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө башталат. Жеки Чан эстафетаны кечки саат 17:30да Париждин 4-округундагы Вьей‑дю‑Тампль көчөсүндө баштайт.

Париждеги Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17076