Өзбекстанда сакал койгондорго айып пул сала башташты
RU

Өзбекстанда сакал койгондорго айып пул сала башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда сакал койгону үчүн бир нече эркекке айып пул салынды. Бул аялдарга бетин толук жапкан кийим үчүн айып салынган берене боюнча жасалууда. Бул тууралуу Podrobno.uz билдирди.

Жогорку Соттун сайтындагы сот чечимдерине ылайык, өлкөнүн бир катар аймактарында өзбек жарандары сакал койгону үчүн жоопко тартылган.

Өткөн жылдын 31-октябрында Өзбекстанда "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алынган. Анда адам бетин ачык коюшу керек болгон.

"Көбүнчө учурлар Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында катталып жатат. Эгерде сакал алуудан баш тартышса, алар бейбаштык кылган жана милиция кызматкерлеринин "мыйзамдуу талаптарына" каршы чыккан деп айыпталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 3-июнда, Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17092