"Ак-Марал" пансионаты бажы кызматына өткөрүлүп берилди
RU

"Ак-Марал" пансионаты бажы кызматына өткөрүлүп берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинети "Ляззат" ЖЧКсынын ("Ак-Марал" эс алуу борбору) катышуучусу катары ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берди. Маалыматты Kaktus.media редакциясына бажы кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, "Ляззат" ЖЧКсы 2007-жылдын 6-мартында катталып, акыркы жолу ушул жылдын 16-августунда кайра каттоодон өткөн.

"Ляззат" ЖЧКсынын жетекчиси – Чыңгыз Мураталиев, түзүүчүсү – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик.

Пансионаттын акциялары аукционго коюлган, бирок аны эч ким сатып алган эмес.

Пансионаттын өзү 2023-жылдын октябрында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевден алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17098