Ар кайсы өлкөлөрдө Ozon'дун буйрутмаларды берүү пункттарын ийгиликтүү иштеткендерден кеңеш
RU

Ар кайсы өлкөлөрдө Ozon'дун буйрутмаларды берүү пункттарын ийгиликтүү иштеткендерден кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ozon КМШ өлкөлөрүнүн мейкиндигин ийгиликтүү багындырууда. Бардык өлкөлөрдө маркетплейс логистикалык тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, анын ичинде буйрутмаларды берүү пункттарын ачып жаткан ишкерлерге олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Бул бизнести ачууда эмнеге көңүл буруш керектиги тууралуу мындай пункттардын ээлери айтып беришет.

Локацияны туура тандоо – ийгиликтин кепили

Локацияны аныктоого Ozon'дун интерактивдүү картасы жардам берет. Бул картада өзгөчө ыңгайлуу аймактар, ошондой эле күтүлүп жаткан болжолдуу киреше да көрсөтүлгөн. Жалпы эреже – киши көп жүргөн жерди тандап алуу керек, мүмкүн болсо, мектептин, университеттин же ири соода борборунун жанында болгону жакшы.

"Локация абдан маанилүү. Өзгөчө жакын жерде автоунааны токтотуучу жер болсо, пункт ийгиликтүү иштейт, себеби жумуштан келатканда буйрутманы алуу үчүн кайрыла кетүү адамга ыңгайлуу болот", - деп тажрыйбасы менен бөлүштү казакстандык ишкер Галина.

"Биздин бардык иштеп жаткан пункттарыбыз киши көп жүргөн жерлерде жайгашкан. Биз ар бир пунктту навигация, жайгашкан жери, финансылык көрсөткүчтөр критерийлери менен тандаганга аракет кылабыз. Биз күнүнө 400гө чейин кардарды тейлей алабыз", -деди Беларустагы ишкер Антон.

Локацияны тандап алгандан кийин имарат жайды издөөгө киришсе болот. Бул жерде Ozon'дун негизги талаптарын эске алуу зарыл: пункт биринчи кабатта жайгашууга тийиш, өзүнчө кире бериши болуп, ири шаарлар үчүн аянты 25 чарчы метрден көп болушу керек. Чакан калктуу конуштар үчүн аянтка кандайдыр бир чектөөлөр коюлган эмес, эң негизгиси, бардык негизги зоналар – кампа, администратордун орду жана товарды ченеп, текшерүүчү өзүнчө жер болууга тийиш.

Аймактык менеджер ар кандай маселени чечүүгө жардам берет

Ozon менен кызматташа баштоо оңой: бул үчүн болгону сайтта өтүнмөнү калтырып, интерактивдүү картада буйрутмаларды берүү пунктун ачкыңыз келген даректи белгилеп коюу жетиштүү. Өтүнмө жактырылгандан кийин бардык келишимдерге кол коюп, косметикалык ремонтту баштай берсе болот. Ozon"до буйрутмаларды берүү пункттарын жасалгалоого карата бирдиктүү талаптар бар, алардын баары компаниянын брендбугунда жазылган. Пайда болгон бардык суроолорду аймактык менеджер менен чечсе болот, ал эми көп узатылган суроолорго жооптор компаниянын маалымдамасында чогултулган.

"Мен адегенде оферта менен жакшылап таанышып чыгып, менеджер менен байланыштым. Андан соң мага брендбукту жөнөтүштү, мен аны окуп чыгып, бөлмө таап, ремонтко кириштим. Натыйжада компаниянын стандарттарына толугу менен шайкеш келген, өтө кооз флагмандык пункт пайда болду деп эсептейм. Мунун баарына эки жумадай эле убакыт кетти", - деп эскерет Ozon'дун Еревандагы буйрутмаларды берүү пунктунун ээси Рафаэль.

Ал процесстин бардык этаптарында Ozon'дун аянтчасы колдоо көрсөтүп турганын өзгөчө белгилейт. Маркетплейсте көпчүлүк маселелери боюнча кеңири көрсөтмөлөр бар. Мындан тышкары, Ozon көрнөк-жарнак жана маркетинг материалдары менен камсыз кылат, ошондой эле өзү сатып алуучуларга жаңы пункт ачылганы жөнүндө кабарлап, бул пунктту бардык карталарга кошуп чыгат.

Бизнести жаңыдан баштап жаткан ишкерлерге кеңештер

Албетте, ар кандай бизнесте боло жүргөндөй эле, буйрутмаларды берүү пунктунун ишин баштоонун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Кызматкерлер менен байланыш түзүп, кардарларды тартып, аларды кармап калып, соода кызыган мезгилде кардарлардын агымына даяр болуу керек. Бул бизнести баштоону пландап жүргөндөр үчүн бир нече кеңешти чогултуп чыктык.

Рафаэль Саргсяндын Арменияда эки пункту бар, бирок ал өзүнүн тармагын түзүүнү пландаштырып жүрөт. Бул бизнеске киришүүнү ойлонуп жүргөндөргө Рафаэль рынокту терең изилдеп, башка ишкерлердин окуяларын окуп, Интернетте көптөгөн видеолорду көрүүнү сунуштайт.

"Биринчи талап – кайтарым байланыш менен иштеш керек. Ошондо биз чындап ишеним арткан, туруктуу кардарлардын базасын түзө алабыз", - деп кеңеш берет Рафаэль.

"Ozon биздин жашообуздун бир бөлүгүнө айланып калды жана адамдарга бул эмне экенин түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Идеяны илгерилетүү ички ресурстардын, анын ичинде аянтчанын өзүнүн эсебинен жүрүүдө", - дейт Антон. Бул беларус ишкери 10дон ашык пункттан турган тармакты башкарат. Ал Ozon'дун жакынкы пунктуна басып барып, иш процессине көз салып, күчүңүздү, финансылык жана административдик мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалап көрүүнү сунуштайт.

"Локацияны туура тандоо маанилүү. Логистика, киши көп жүрчү жер, автоунааны токтотуучу жай болушу керек. Адам бул жерге автоунаасы менен жете алгыдай болушу керек. Мисалы, менин биринчи пунктум соода борборунун жанында жайгашкан жана ага шаардын ичиндеги бардык каттамдар байланган. Адамдар азык-түлүк алуу үчүн барып, ошол эле учурда буйрутмаларын да ала кетишет", - деген кеңешин берди Витебск облусундагы ишкер Николай Михалевич

Ал эми казакстандык ишкер Миранын уникалдуу кеңеши бар: "Жаңы нерселерди ачуудан коркпош керек, күжүрмөн күч-аракет эле талап кылынат. Баары ишке ашып кетет, болгону биринчи кадамды гана жасаш керек".

Ozon'дун буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинин негизги кирешеси - жүгүртүүдөн алынган пайыз. Кыргызстанда бул товардын баасынан 3,7 пайызды түзөт, ал эми анын баасы болжол менен 4 761 сомго чейин болот жана баасы жогору болсо буйрутмадагы ар бир позиция үчүн 176 сомду түзөт. Кирешени сатуучулардан товарларды алуу, башка логистикалык компаниялар менен кызматташуу жана өз пунктуңузда кошумча бизнести ачуу аркылуу көбөйтүүгө болот. Мындан тышкары, алгачкы жарым жылда өнөктөш Ozon'дун финансылык колдоосуна ээ боло алат, Кыргызстанда мындай колдоо 412 000 сомго чейин жетет.

"Бул ресурсту үнөмдүү пайдалана тургандар үчүн маркетплейстин колдоосу бул ишти жакшы киреше берчү бизнеске айландырууга мүмкүндүк берет", - деген ишенимде Беларустагы аянтчанын франчайзиси Антон.

Ozon"дун сайтында толук маалымат алып, интерактивдүү карта менен таанышып чыгып, өтүнмөнү толтурууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17100