1-класска каттоо дагы деле уланып жатат
RU

1-класска каттоо дагы деле уланып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды.

Баласын мектепке каттай элек ата-энелер mektep.edu.gov.kg платформасына кирип, тиешелүү документтерди тиркеп, жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат.

28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталган.

Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 2 480, Чүй облусунда – 22 107, Бишкек шаарында – 16 738 жана Баткен облусунда 12 110 бала катталган.

Баланы мектепке ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлдөр гана каттай алары эскертилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17102