Оштогу 15 жашар кызды сексуалдык кулчулукка алуу боюнча 4 кыз кармалды
RU

Оштогу 15 жашар кызды сексуалдык кулчулукка алуу боюнча 4 кыз кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 15 жаштагы өспүрүмдү сексуалдык кулчулукка алуу боюнча кыздардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдап, алар сойкулук кылууга мажбурлашканын кабарлады.

Эске салсак, буга чейин акыйкатчы Ошто белгисиз адамдар 15 жаштагы кызды бир айдан ашык сексуалдык кулчулукта кармаганын айткан. ИИМ бул окуянын жаңы жагдайларын ачыктады.

"Шаардагы топ кыздар жана балдар өспүрүмдү шантаж кылып, коркутуп, аны сойкулукка тартып, мажбурлашкан", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул факт боюнча иш козголуп, кылмышка шектелип 21, 23, 20, 18 жаштагы кыздар кармалган. Аталган иш боюнча буга чейин да эки адам колго түшүрүлгөн. Тергөө иштери уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17103