Өлкөдө бир нече мектеп аралыктан окутууга өттү
RU

Өлкөдө бир нече мектеп аралыктан окутууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча бир нече мектеп онлайн окутууга өткөнүн маалымдады. Мекеменин мааоыматы боюнча, Бишкек шаарындагы, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы айрым мектептерде сабактар онлайн өтүүдө.

Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан окутууга өткөн:

  • Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин,
  • Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин,
  • Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин,
  • Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби,
  • Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Бишкек шаары боюнча:

  • №60 жалпы орто билим берүү мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.

Талас облусу боюнча:

  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары,
  • Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары,
  • Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17203