ТИМ: "Талибан" Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды
RU

ТИМ: "Талибан" Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан "Талибан" кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди.

"Өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин "Талибан" кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайбыз.

Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган.

Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 2006-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Талибанды" террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Ал эми ушул жылдын 2-сентябрында Башкы прокуратура Кыргызстандын аймагында сот тарабынан тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесин жарыялаган. Тизмеде "Талибан" кыймылы көрсөтүлгөн эмес.

Башкы бетеги сүрөт иллюстрациялык: Anadolu Agency.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17231