Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды
1571
Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, "Даңк" медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма болуп өттү.
slide 2 of 4
Узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Джунушев, жана жакындары катышты.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/17247